Азамат Байматов дүйнөнүн мыкты футболчусун жана машыктыруучусун аныктоодо Криштиану Роналду менен Карло Анчелоттиге добуш берди

ФИФАнын версиясы боюнча "Дүйнөнүн мыкты футболчусу" жана "Мыкты машыктыруучусу" наамына негизиги 3 талапкерди аныктоо иштери жүрүп жатат. Бул үчүн Эл аралык футбол федерациясынын (ФИФА) курамына кирген улуттук курама командалардын башкы машыктыруучулары жана капитандары добуш беришүүдө. Бүгүн, 27-ноябрда КРнын Футбол федерациясынан кабарлашкандай, четте калбай Кыргызстан курамасынын капитаны Азамат Байматов менен башкы машыктыруучу Александр Крестинин да өз добуштарын беришти. 
Азамат Байматов “Мыкты футболчу” наамына талапкерлерден португалиялык Криштиану Роналдуга, германиялык Филипп Ламга жана аргентиналык Лионель Мессиге добуш берди. А.Байматов машыктыруучулардан Карло Анчелотти ("Реал"), Йоахим Лёв (Германия курамасы) жана Жозе Моуринью ("Челси") сыяктуу ысымдарды атады. 
Жакында гана улуттук курама команданы машыктырып баштаган Александр Крестининдин тизмеси төмөнкүчө: 
Футболчулар: Томас Мюллер (Германия), Филипп Лам (Германия), Мануэль Нойер (Германия). 
Машыктыруучулар: Йоахим Лёв (Германия), Луи Ван Гал (Голландия, "Манчестер Юнайтед"), Диего Симеоне (Аргентина). 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Nursss_Real_Madrid
2014-11-27 13:48:00
Роналдуга бергенден кийин Мессиге бербейле койбойбу дейм да
-3
AzaNiga
2014-11-27 15:58:48
Nursss_Real_Madrid, аны өзү билет да
0
ulukbek
2014-11-27 19:06:37
роналду алат буйурса
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан