Жайыл районунда баасы 3,5 миллион сом болгон жер тилкеси 326 миң сомго сатылган

Жайыл районундагы Талды-Булак айыл аймагынын кызмат адамдары тарабынан жер мыйзамдары одоно бузулган. Бул тууралуу УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы бүгүн, 27-ноябрда билдирди.

Маалыматка караганда, 2011-жылы аукцион аркылуу Талды-Булак айыл аймагында 1,29 гектар жер тилкеси К.Т.З. аттуу жаранга 326 миң сомго сатылган. Бирок эксперттердин баамында аталган жер тилкесинин наркы 3 миллион 503 миң сомду түзгөн. Мунун кесепетинен 3 миллион сомдон ашык зыян келтирилген. Учурда бул боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан