Бишкекте Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын кызматкери кармалды

Бишкекте Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын кызматкери кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 27-ноябрда билдирди.

Маалыматка караганда, милиция кызматкерлери тарабынан Мерседес-Бенц унаасы токтотулган. Аны текшерүүгө алышканда айдоочу Жалал-Абад облусу боюнча Каржы полициясында иштээрин айткан. Ошондой эле анын унаасынын ичинен 2 даана мамлекеттик номур жана МАИ кызматкеринин таякчасы (жезл) табылган. Иликтөө иштеринин жүрүшүндө кармалган жарандын Ысык-Көл облусу боюнча Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын кызматкери экени аныкталган. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
formula12
2014-11-27 21:50:08
Жезл менен номер табылса эмне болуптур.озу орган кызматкери болсо жезл керек да.тергоо амалдары эмес териштируу десе туура болот.жон эле болбогон нерсени раздувать этиштин эмне кереги бар
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан