Бишкекте "жеке таксисттерге кол салып, унааларын уурдоо менен алектенген" деп шектелген 3 студент кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 27-ноябрда Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, милиция кызматкерлерине арыз менен 2 жаран кайрылган. Эки арызда тең аларды Чүй облусундагы Чыгыш айылынан белгисиз 3 жаран ур-токмокко алып, унааларын тартып алганын айтышкан.
Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин натыйжасында аталган аймактагы сот жообуна тартылган жарандардын баары текшерилген. Кийин илинчектер табылып, шектүү катары ошол аймактагы батирде жашаган 3 студент бала кармалды. Иликтөө иштеринин жүрүшүндө ошол 3 жаран уурдалган 2 унааны тетикке өткөрүүгө аракеттенген. Баасы 8 миң доллар турган Хонда үлгүсүндөгү унааны алар 1,5 миң долларга сатууга аракет кылышканы аныкталган.
Беттештирүү учурунда жабырлануучулар 3 студентти таанышкан. Ал эми сурак учурунда студенттер 3 кылмышты моюнуна алышкан. Учурда тергөө амалдары улантылып, кармалгандардын башка кылмыштарга катыштыгы бар же жок экени аныкталууда.