Базар-Коргон районундагы Акман айыл өкмөтүнүн башкы эсепчиси кызматтык жасалмачылык боюнча шектелүүдө. Бул тууралуу кечээ, 27-ноябрда Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, аталган кызматкер жасалма каржылык-эсептик документ түзүп, 32 миң сомду ээлеп алган. Учурда бул “ишенип берилген мүлктү ээлеп алуу” жана “кызматтык жасалмачылык” беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.