Сузак районунда №52-Жол-эксплуатациялоо ишканасынын кызмат адамдары “бюджеттик каражаттарды мыйзамсыз пайдаланган” деп шектелүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 28-ноябрда УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, аталган ишкананын кызматкерлери 2011-2014-жылдар аралыгында жолдорду оңдоодо мыйзамсыз иштерди жүргүзүшкөн. Мунун негизинде 1 миллион сомго жакын акча каражаты мыйзамсыз колдонулган. Учурда кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүүдө.