Мырзаке - Кара-Кулжа - Алайкуу унаа жолуна кар көчкү түштү

Мырзаке - Кара-Кулжа - Алайкуу унаа жолуна кар көчкү түштү. Бул тууралуу бүгүн, 28-ноябрда ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, бүгүн Ош облусундагы Мырзаке - Кара-Кулжа - Алайкуу унаа жолунун 75-чакырымына кар көчкү түшүп, унаа жолу убактылуу жабылган. Жолду тазалоо үчүн №26-жол тейлөө ишканасынан 1 даана бульдозер тартылды. Кар көчкүнүн көлөмү жана саат канчада түшкөндүгү такталууда. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан