Бишкекте милиция кызматкерине кол көтөргөн 2 жаран кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 28-ноябрда билдирди.
Маалыматка караганда, окуя кечээ, 27-ноябрь күнү кечинде болгон. Анда милиция кызматкерлери коомдук тартипти бузуучуларга эскертүү беришкен, бирок алар сөгүнүшүп, кызматкерлерге кол көтөрүшкөн. Учурда бул кылмышка шектүү катары эки жаран кармалып, тергөө амалдары жүрүүдө.