Гиря спорту боюнча Германияда өткөн Дүйнө биринчилигинде кыргызстандыктар 2 күмүш медаль тагынышты

20-24-ноябрь аралыгында Германиянын Гамбург шаарында гиря спорту боюнча Дүйнө биринчилиги болуп өттү. Мелдешке жалпысынан 33 мамлекеттен 545 спортчу катышты. Кыргызстандын атынан мелдешке Екатерина Старикова менен Александр Петров катышкан. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, кыргызстандык 2 спортчу тең медаль менен кайтышты. Старикова Екатерина 68 килограмм салмактык бөлүктө 24 килограмм келген гиряны 91 ирет көтөрүп, күмүш медаль тагынды. Ал эми 85 килограмм салмакта күчүн сынаган Александр Петров да күмүш тагынды.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан