Бүгүн, 28-ноябрда Орусиянын Кемерово шаарында кыргызстандык жаран жол кырсыгына кабылды. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, кырсык бүгүн саат 16:00 чамасында Университетская көчөсүндө болгон. Анда айдоочу катуу ылдамдыкта келе жатып, алдындагы унааны сүзүп албаш үчүн токтоткучту (тормозду) тепкен. Бирок ага карабай кыргызстандык жаран унаасы менен алдындагы унааны сүзүп, көпүрөдөн кулап кетүүгө аз калган.
Кырсыктан улам каза тапкандар жана жабыркагандар катталган жок.