Бишкекте азык-түлүк саткан дүкөндөн өрт чыкты. Бул тууралуу бүгүн, 29-ноябрда ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, өрт кырсыгы кечээ, 28-ноябрь күнү саат 22:52 чамасында катталган. Анда Жибек Жолу көчөсүндө жайгашкан “Ысык-Көл” азык-түлүк сатуучу дүкөндөн өрт чыгып, дүкөндүн 35 чарчы метр чатыры күйгөн. Тилсиз жоонун келип чыгышына электр жабдууларын пайдаланууда эрежелердин бузулушу себеп болгон.