Жыл башынан бери Жалал-Абад облусунда 622 жол кырсыгы катталып, 140 адам каза тапкан. Ошондой эле 2 миңге жакын адам жабыркаган. Бул тууралуу бүгүн, 29-ноябрда Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, бул көрсөткүч былтыркы жылга салыштырмалуу 13 пайызга өскөн. Жол кырсыктарынын келип чыгышына көбүнчө катуу ылдамдыкта келе жаткандар себеп болууда.