Кара-Кулжада жолдорду кардан тазалоо иштери уланууда

Ош облусундагы Кара-Кулжа районунда кардын кесепетинен жабылган ички жолдорду кардан тазалоо иштери жүрүп жатат. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош облустук башкармалыгынын башчысы Дайырбек Каримов билдиргендей, 29-ноябрда Өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү боюнча түштүк борборунан 1 даана бульдозер тартылып, бүгүнкү күндө жолду кардан тазалоо иштери Ылай-Талаа айыл аймагына караштуу Шаркыратма айылында жүрүүдөОшондой эле катуу жааган кардын кесепетинен электр зымдары үзүлгөн Көңдүк жана Буйга айылдарына электр жарыгы берилди.

Кара-Кулжа районундагы абал өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Бороновдун жеке көзөмөлүнө алынганы айтылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан