Токмок шаарында батирдин ичинен адамдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 1-декабрда билдирди.
Маалыматка караганда, 29-ноябрда саат 12:30да куткаруучулар Токмок шаарындагы 3-кичи райондо жайгашкан №6-үйдүн 86-батиринин жабылып калган эшигин ачып беришкен. Бөлмөнүн ичинен 1 адамдын жансыз денеси табылган. Учурда сөөк милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилип, маркумдун аты-жөнү жана өлүмүнүн себеби аныкталууда.