Ысык-Көлгө балык уулаганы чыгып кетишкен эки адамдын дайыны билинбей жатат

Ысык-Көл районунда балык уулаганга чыгып кетишкен эки адам изделүүдө. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 1-декабрда билдирди.

Маалыматка караганда, 29-ноябрь күнү саат 15:00 чамасында Чоң-Өрүктү айылынын 1966-жылы туулган Эмил Ашыров жана 1967-жылы туулган Ишен Алмабеков аттуу тургундары көлгө балык уулаганы чыгып кетишип, ошол бойдон кайтып келишкен эмес. Кечээ, 30-ноябрда издөө иштери жүргөн, бирок натыйжасыз болгон. Издөө бүгүн да улантылат. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан