WBO версиясы боюнча жарым орто салмакта (63,5 килограмм салмакта) Дүйнөнүн экс-чемпиону Руслан Проводников мексикалык мушкер Хосе Луис Кастильо менен беттешип, жеңишке жетишти. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары кабарлайт.
Маалыматка ылайык, беттеш Москвада орун алып, Руслан атаандашын 5 раундда нокаутка учуратты. Бул жеңиш менен Проводников 24-ирет профессионалдык рингде жеңишке жетишти (анын 17си нокаут менен). WBC версиясы боюнча ушул эле салмакта Дүйнөнүн экс-чемпиону Хосе Луис Кастильо болсо 13-ирет жеңилип отурат (анын эсебинде 66 жеңиш, 13 жеңилүү, 1 тең чыгуу бар). Ушул эле күнү америкалык 61 жаштагы мушкер Микки Рурк дагы профессионалдык рингге 20 жылдан кийин кайтып келип, мекендеши Эллиот Сеймур менен беттешти. Беттештин 2-раундунда Рурк атаандашын нокаутка учуратып, мөөнөтүнөн мурда жеңишке жетишти. Кошумчалай кетсек, Рурк жаш кезинде бокс менен алектенип, кийин жаракатына байланыштуу спорт чөйрөсүн кино тармагына алмаштырган.