Жарандык коргонуунун Өрткө каршы күрөшүү кызматынын маалыматы боюнча, акыркы суткада өлкө аймагында 13 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 15 өрт өчүрүү бөлүмү тартылган.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынын 1-декабрда берген маалыматына ылайык, Бишкек шаарында 2, Чүй облусунда 4, Жалал-Абад облусунда 1, Ош облусунда 4, Ош шаарында 1, Баткен облусунда 1 өрт кырсыгы катталган.
Ноокат районуна караштуу Ноокат шаарындагы үйлөрдүн биринде өрт кырсыгы катталды. Анын кесепетинен иштебеген 2 кабаттуу соода үйүнүн 96 чарчы метр чатыры, жалпы аянты 102 чарчы метрди түзгөн 2-кабат жана ичиндеги стол, отургучтар күйүп кетти. Ошондой эле Ысык-Ата районундагы Кең-Булуң айылындагы аянты 250 чарчы метр турак үйдүн чатыры күйүп кетти. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.