Жалал-Абад облусунун прокуратурасынын тергөө бөлүмү Сузак районуна караштуу Таш-Булак айылынын “Октябрдын 40 жылдыгы” мектебинин директору Х.М. аттуу жаранга жана Дмитриева айыл өкмөтүнүн башчысына козголгон кылмыш ишин сотко өткөрдү. Бул тууралуу бүгүн, 1-декабрда Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, айыпталуучуларга карата КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 304-берене (кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу), 171-берене (ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же төлөмөр болуу) боюнча кылмыш иштери козголгон.
Тергөө амалдарынын жүрүшүндө мектептин директору менен айыл өкмөтү сүйлөшүп алып, мектептин курулуш материалдарын сатуудан 55 750 сомду өздөштүрүп алгандары аныкталган. Маалым болгондой, азыркы тапта уурдалган акча каражаты мектепке кайтарылып берилген. Учурда козголгон кылмыш иши сотто кароодо турат.