ФИФАнын версиясы боюнча “Дүйнөнүн мыкты футболчусу” наамына негизги талапкер 3 футболчунун ысымы белгилүү болду. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча алдынкы үчтүккө Португалиянын жана мадриддик “Реалдын” чабуулчусу Криштиану Роналду, “Барселонанын” аргентиналык чабуулчусу Лионель Месси жана Германия курамасы менен “Бавариянын” дарбазачысы Мануэль Нойер кирди. Бул тууралуу ФИФАнын расмий сайты билдирет.
Маалыматка ылайык, бул 3 футболчунун ичинен жеңүүчүсү “Алтын топ” байгесин алат. Жеңүүчүнүн ысымы 12-январда белгилүү болот.
Кошумчалай кетсек, өткөн жылы “Алтын топ” байгеси Криштиану Роналдуга ыйгарылган. Ага чейин сыйлыкты 4 жыл катары менен Лионель Месси алган. 3 талапкердин жыл ичиндеги ийгиликтерине токтоло турган болсок, М.Нойер Дүйнө чемпиондугунда Германиянын курамында чемпион болсо, Месси биринчиликтин күмүш медалын тагынган. Ал эми курама командасы менен ийгилик жарата албаган Криштиану Роналдунун эсебинде УЕФАнын Чемпиондор Лигасынын кубогу бар.