Футбол федерацияларынын эл аралык ассоциациясы (ФИФА) кечээ, 1-декабрда Ференц Пушкаштын атын алып жүргөн “Эң кооз гол” сыйлыгына талапкер 3 голду тандап алды. Бул тууралуу аталган уюмдун расмий сайты кабарлайт.
Маалыматка ылайык, алдынкы үчтүккө ирландиялык футболчу айым Стефани Роченин, колумбиялык Хамес Родригестин жана голландиялык Робин ван Персинин голдору кирди. Бул сыйлыкка башкы 3 талапкердин катарына биринчи ирет айым футболчунун голу киргени айтылат маалыматта. Сыйлык ээси 12-январда салтанаттуу аземдин жүрүшүндө аныкталат.
Кошумчалай кетсек, белгилүү венгриялык футболчу Ференц Пушкаштын атын алып жүргөн бул сыйлык 2009-жылдан бери ыйгарылат. Акыркы беш жылда бул сыйлыкты Криштиану Роналду, Хамит Алтынтоп, Неймар, Мирослав Стох жана Златан Ибрагимович алган.