Ысык-Көл районунда балык уулаганга чыгып кетишкен эки адам дале изделүүдө. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 2-декабрда билдирди.
Маалыматка караганда, 29-ноябрь күнү саат 15:00 чамасында Чоң-Өрүктү айылынын 1966-жылы туулган Эмил Ашыров жана 1967-жылы туулган Ишен Алмабеков аттуу тургундары көлгө балык уулаганы чыгып кетишип, ошол бойдон кайтып келишкен эмес. 30-ноябрда издөө иштери жүргөн, бирок натыйжасыз болгон. Издөө бүгүн да улантылат.