Өлкөнүн түштүгүндө банк кызматкери “1,4 миллион сом уурдаган” деп шектелүүдө. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы бүгүн, 2-декабрда билдирди.
Маалыматка караганда, үстүбүздөгү жылдын июнь айында банктардын биринин сактык кассасынын жетекчиси келишимди жана квитанцияны жасоо жолу менен кардарга тиешелүү 1,4 миллион сомду уурдап кеткен. Учурда бул боюнча кылмыш иши козголуп, кылмышка шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди.