Өткөн суткада өлкө аймагында 9 өрт кырсыгы катталып, Токтогул районунда турак үйдүн чатыры толугу менен күйүп кетти

Жарандык коргонуунун Өрткө каршы күрөшүү кызматынын маалыматы боюнча, акыркы суткада өлкө аймагында 9 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 9 өрт өчүрүү бөлүмү тартылган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынын 2-декабрда берген маалыматына ылайык, Бишкек шаарында 1, Чүй облусунда 2, Ысык-Көл облусунда 1, Жалал-Абад облусунда 3, Баткен облусунда 1,Талас облусунда 1 өрт кырсыгы катталган.

Токтогул районуна караштуу Торкен айыл өкмөтүндөгү үйлөрдүн биринен өрт чыгып, 48 чарчы метр турак үйдүн  чатыры, 16 чарчы метр бөлмө, 2 терезе, төшөнчүлөр толугу менен күйүп кетти. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда. 

Ошондой эле Манас районуна караштуу Кызыл-Жылдыз айылындагы үйлөрдүн биринде өрт кырсыгы катталды. Анын кесепетинен үй эмеректери, туш кагаз, эшик, терезе күйүп кетти. Өрттүн келип чыгуусуна электр жабдууларын куроодо эреженин бузулушу себеп болгон.

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Muslim1990
2014-12-02 13:30:47
Кечинде эле өзүм барып өчүрүштүм эле бүгүн суперде жүрөт.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан