Бишкекте мектеп рэкетчилигине шектелген 2 өспүрүм кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 2-декабрда билдирди.
Маалыматка караганда, милиция кызматкерлерине 40 жаштагы шаар тургуну кайрылган. Анда ал 8-класста окуган баласын эки мектеп окуучусу коркутуп, акча сурап жатканын айткан. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, 14 жаштагы эки бала ата-энесинин коштоосунда Свердлов райондук ички иштер башкармалыгына жеткирилген. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.