Эртең, 3-декабрда Бишкекте Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда эрежесиз эр уруштун “Эр таймаш ММА” түрүнөн WEF (Дүйнөлүк эр таймаш федерациясы) версиясы боюнча Дүйнөнүн чемпиондук куру үчүн беттеш өтөт. Анда 75 килограмм салмакта Актилек Жумабек уулу АКШдан келген Шах Бобонис менен кез келет. Бул тууралуу SUPER.KG порталына федерациянын вице-президенти Эмил Токтогонов кабарлады.
Анын айтымында, бул күнү тандоо туру катары 10 беттеш уюшулат. “Биз жаңы ыкма менен эл аралык деңгээлдеги ири кече уюштуруу алдында турабыз”,- деп кошумчалады Э.Токтогонов.