Ошто медициналык каражаттарды сатуу менен алектенген жеке ишкананын жетекчилиги алдамчылыкка шектелүүдө. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы бүгүн, 2-декабрда билдирди.
Маалыматка караганда, аталган жеке ишкана менен медициналык каражаттарды ташып жеткирүүчү компаниянын ортосунда келишим түзүлгөн. Анын негизинде жеке ишканага баасы 862 миң сомдук товар жеткирилген. Бул сумма 10 күндүн ичинде ишкана тарабынан төлөнүшү керек эле. Бирок бир канча айдан бери аталган сумма төлөнгөн эмес. Учурда бул боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.