Бүгүн, 2-декабрда Бишкекте эрежесиз эр уруштун “Эр таймаш ММА” түрүнөн WEF (Дүйнөлүк эр таймаш федерациясы) версиясы боюнча Дүйнөнүн чемпиондук куру үчүн болчу беттеш алдында спортчулар салмакка түшүү аземине катышышты. Салмакка түшүү аземи пландалган жайга ар бир салмактын өкүлдөрү бирден унаа менен келишти. Спортчулар салмакка түшкөн соң чакан маалымат берилип, спортчулар атайын сүрөткө түшүштү. Аземдин жүрүшүндө спортчулар тирешип, түртүшүп жаткан көрүнүштөр катталды. Андан соң ден соолукка катуу коркунуч алып келген бул спорт түрүндө шарт болуп калгандай, спортчулар атайын документке кол коюп, анкета толтурушту.
Кошумчалай кетсек, эрежесиз эр уруш боюнча атайын мелдеш эртең, 3-декабрда болот. Анда “Эр таймаш ММА” түрүнөн WEF версиясы боюнча Дүйнөнүн чемпиондук куру 75 килограмм салмакта кыргызстандык Актилек Жумабек уулу менен АКШдан келген Шах Бобонистин ортосунда ойнотулат.