Ысык-Көлдө балык уулаганга чыгып кеткен 2 жаран дале табыла элек

Ысык-Көл районунда балык уулаганга чыгып кетишкен эки адамды издөө иштеринен майнап чыга элек. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 3-декабрда билдирди.

Маалыматка ылайык, алар 29-ноябрь күнү саат 15:00 чамасында кетишкен бойдон дайынсыз. Алардын бири - Чоң-Өрүктү айылынын 1966-жылы туулган тургуну Эмил Ашыров, ал эми экинчиси - 1967-жылы туулган Ишен Алмабеков. Эки жаранды издөө иштери 29-ноябрдан бери жүрүүдө, бирок ал азырынча натыйжасыз болууда. Издөө иштери бүгүн да улантылмакчы.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Dolbooruwka
2014-12-03 10:49:27
Сууга чогушсо керек.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан