Бишкекте жол кырсыгы катталып, айдоочу каза тапты. Бул тууралуу Жол-кайгуул кызматынан бүгүн, 3-декабрда билдиришти.
Маалыматка караганда, жол кырсыгы саат 02:20 чамасында болгон. Анда 25 жаштагы айдоочу Хонда Торнео унаасы менен келе жатып, рулду башкара албай жол четиндеги тосмону сүзүп алган. Анын кесепетинен айдоочу каза тапкан.