“Аялынын көңүлдөшүнүн жыныстык мүчөсүн кесип салган” делип жаткан жаран боюнча чыгарган соттун чечимине жабырлануучу тарап макул эмес. Бул тууралуу "Голос свободы" укук коргоо уюмунун басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, окуя үстүбүздөгү жылдын 4-апрелинде болгон. Анда К.Х. аттуу жаран Н. аттуу жарандын жыныстык мүчөсүн кесип салган. 14-октябрда болсо Талас облустук соту айыпталуучуну шарттуу түрдө 2 жылга эркинен ажыраткан. Бул чечимге жабырлануучу каршылыгын билдирип Жогорку Сотко кайрылган.
Бул окуя боюнча эки тарап эки түрдүү версияны айтууда.
Жабырлануучунун айтымында, айыпталуучунун аялы көптөн бери бербей жүргөн карызын берем деп чакырып, күйөөсү келгиче алып кетүүсүн айткан. Бирок ал короого киргенде үч адам аны сабап, жыныстык мүчөсүн кесип салышкан.
Ал эми айыпталуучунун айтымында, жабырлануучу анын аялынын көңүлдөшү болгон. Үйүнө келгенде аны ушундай жол менен жазалоону чечкен.