Өткөн суткада өлкө аймагында 6 өрт кырсыгы катталып, Ысык-Көлдө 15 тонна жыйылган чөп күйүп кетти

Жарандык коргонуунун Өрткө каршы күрөшүү кызматынын маалыматы боюнча, акыркы суткада өлкө аймагында 6 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 6 өрт өчүрүү бөлүмү тартылган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынын 3-декабрда берген маалыматына ылайык, Бишкек шаарында 2, Чүй облусунда 1, Ысык-Көл облусунда 1, Ош облусунда 1, Баткен облусунда 1 өрт кырсыгы катталган.

Москва районуна караштуу Беловодск айылындагы үйлөрдүн биринде өрт кырсыгы катталды. Анын кесепетинен бөлмөнүн 6 чарчы метр жыгач полу, 6 чарчы метр жыгач шыбы, 4 терезе жана 4 эшик кашектери күйүп кетти. Өрттүн чыгышына үй ээсинин 4 жаштагы небересинин от менен шоктугу себеп болгон. Ошондой эле Ысык-Көл районуна караштуу Жаркынбаев айылындагы үйлөрдүн биринин короосунан 15 тонна жыйылган чөп толугу менен күйүп кетти. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан