Ысык-Көл облусундагы “Илим” пансионатынын жетекчилиги “кызмат абалынан пайдаланган” деп шектелүүдө

Ысык-Көл облусундагы “Илим” пансионатынын жетекчилиги “кызмат абалынан пайдаланган” деп шектелүүдө. Бул тууралуу аталган облустун Ички иштер башкармалыгынан бүгүн, 3-декабрда билдиришти.

Маалыматка караганда, жай айында “Нарын-Чыгыш электр” ишканасынын кызматкерлеринин балдары аталган пансионатка эс алганы келишкен. Бул үчүн ишкана 164 миң сом которгон. Бирок текшерүүдө пансионаттын жетекчилиги 61 миң сомду ээлеп алганы аныкталган. Учурда кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан