Жалал-Абадда жаштар арасында бокс боюнча мелдеш башталды

Жалал-Абад шаарындагы Раатбек Санатбаев атындагы спорт залында өлкөдөгү жаштар арасында бокс боюнча мелдеш башталды. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы 3-декабрда билдирди.

Ага жети облустан жана Ош, Бишкек шаарынан спортчулар келип, жалпы 9 командадан 100 мушкер катышууда. Ал эми калыстар мүчөлөрүнө Кыргызстандын аймагындагы эмгек сиңирген мыкты машыктыруучулар дайындалган.

"1, 2, 3-орундун жеңүүчүлөрүнө медаль жана кийинки орундарга сыйлыктар тапшырылмакчы. Сыйлыктар Кыргызстандын Бокс федерациясы жана Жалал-Абад шаардык мэриясы тарабынан каралды",- деди Жалал-Абад шаарынын бокс боюнча башкы машыктыруучусу Акматжан Азимов.

Кыргызстандын эмгек сиңирген машыктыруучусу Бакыт Рыскулов бул жерден алдынкы орунга чыккан мушкерлерди Кыргызстандын курама командасына кошору айтылууда.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан