Кемин районунда 12 алдамчылык фактысына шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 3-декабрда билдирди.
Маалыматка караганда, кылмышка шектүү жарандардын ишеничине кирип, алардын малын сатып, акчасын бербей качып кетчү. Ушундай факты боюнча 12 адамдан арыз келип түшкөн. Учурда кылмышка шектүү кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.