Беловодск айылындагы атайын мектеп-интернаттын тарбиялануучусу директордун ур-токмогунан улам качып кеткен. Бул тууралуу бүгүн, 3-декабрда өлкөдөгү айрым массалык маалымат каражаттары өз булактарына таянып жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, тарбиялануучунун качып кеткенине бир канча күн болгон. Бирок аны бүгүнкү күнгө чейин эч ким издей элек.
Ошондой эле өздүк булак интернатта бул сыяктуу көрүнүштөр дайым болуп турарын айткан.