Бүгүн, 3-декабрда Бишкекте эрежесиз эр уруштун “Эр таймаш ММА” түрүнөн WEF (Дүйнөлүк эр таймаш федерациясы) версиясы боюнча Дүйнөнүн чемпиондук куру үчүн беттеш өтөт. Андан тышкары 10 рейтингдик беттеш болот. Бул күнкү спорттук ири иш-чаранын алдында катуу даярдык көрүлгөнү айтылып келген. Ачылыш аземинде федерациянын өкүлдөрү сөз сүйлөштү. Андан соң кулатуу спорту жайылып жаткан бир катар мамлекеттердин желектери эл алдында көрсөтүлүп, бул күнү 8 бурчтукка чыга турган спортчулар эл алдына чакырылды. Ошентип, спорттук мелдештерде салт болуп калгандай, КРнын Гимни обого жаңырган соң мелдеш ачык деп жарыяланды.