Актилек Жумабек уулу атаандашын 1-раундда утуп, эр таймаш боюнча Дүйнөнүн чемпиондук куруна ээ болду

Бүгүн, 3-декабрда Бишкектеги Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда эрежесиз эр уруштун “Эр таймаш ММА” түрүнөн Дүйнөлүк эр таймаш федерациясынын версиясы боюнча Дүйнөнүн жаңы чемпиону аныкталды. 75 килограмм салмакта бул курга ээлик кылып келген америкалык Шах Бобонис кыргызстандык спортчу Актилек Жумабек уулуна утулуп, чемпиондугун сактап кала алган жок. Беттеш болгону 1 раундга созулуп, Актилек атаандашын муунтуу ыкмасы менен жеңип алды. Алгач өзүнүн ыкчам кыймылы жана чапчаңдыгы менен айырмаланган америкалык спортчу Актилекти текшерип жатты. Бирок Актилектин маңдай талаштыра урган соккусу аны жерге кулоого мажбур кылды. А.Жумабек уулу дароо атаандашын басып алды да, муунтууга өттү. Эси оогон америкалыкты көрүп, калыс беттешти мөөнөтүнөн мурда токтотууга аргасыз болду. 

Дүйнөлүк Эр таймаш. Бишкек-03.12.2014
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (19)
nurik0080
2014-12-03 23:57:36
Видеосун барбы
0
admin_superstan
2014-12-04 11:07:17
nurik0080, саламатсызбы!
Азырынча бир гана видеосу бар:
http://www.super.kg/media/uservideo/131743/
0
anyw
2014-12-04 00:06:31
Ийгилик келечектеги кадамдарына алла дайым колдоп журсун кыргызстанды мындан ары да дуйного таанытып журо бергиле.
0
motomoto
2014-12-04 00:49:33
барып коруп келдим. Буга чейинки беттештерге караганда, бул жолку беттештердин уюштуруу денгээли кыйла жогору болду. Залдын оформлениясы, музыка, лет экран, световые эффекты дегендей... баары жакшы болду. Бир гана аяк жагында биздин кыкендер рингдин жанында бири-бири менен мушташышып, грузиядан келген мушкердин тренерин жакалап конокторго уят кылышты. атак кыргыздын мушкерлери татыкуу кармаш коргозушту. Короткон 1000 сомум озун актады. Мага аябай жакты!
+4
Begimkyz
2014-12-04 02:07:24
Красавчик!
0
tolkun85
2014-12-04 02:33:58
жарайсын!!!
0
kama_future_millioner
2014-12-04 04:57:38
Эркек!!! Кыргызстан алга
0
zarlyk2211
2014-12-04 05:26:36
Азаматсын!!!
0
mirbakg
2014-12-04 09:16:57
Видеосун жуктоп койсонор Жакшы болмок
+3
xerik
2014-12-04 09:40:21
azamaa...at,aktilek!kytayilek boordoxyngan dagy ak tile!
0
M89
2014-12-04 09:44:28
Кече спорт ордосунда чон майрам болду. Залдын 95 пайызын ээлеген эр таймаштын коруучулору экранга кирип кетейин дешти. Маданият менен спорттун фанаттарынын ортосунда асман менен жердей айрыма бар экенин байкадым. Сыртта билеттин баасы которулуп, аягы 1000 сомго барып такалды. Жини келген кыкендер эшикти сындырмакчы болуп, кызыл шапкечендерге ээ-жаа бербей турушту. Уюштуруу денгээли жогору болсо да, коопсуздукту жакшы козомолдошкон жок. Ошол жерден да конокторго уят кылышып, бири-бири менен т-ты
+2
Arti
2014-12-04 09:58:08
Америкалык Шах Бобонис Кыргызстандыктардан женилип калганы учун кечирим сураганы жакты. Азаматсын Актилек!!!
+1
kykenbai
2014-12-04 10:13:57
Jakshy uyushtuurulgany mn mushtash chykkany jaman boldu da. Ozubuzdu ele uyat kyldyk.
+1
suiuktuujar
2014-12-04 18:21:12
баракелде ийгилик
0
Zara_KARA-KULJA
2014-12-04 20:55:12
Азаматсын Кыргыздын кымыз ичип чучук жеген баласыда.
0
stranik
2014-12-06 21:20:12
киресинерда эми кыргыздар жапайыбыз десе тан албайбыз
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан