Бүгүн, 3-декабрда Бишкектеги Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда эрежесиз эр уруштун “Эр таймаш ММА” түрүнөн WEF (Дүйнөлүк эр таймаш федерациясы) версиясы боюнча Дүйнөнүн чемпиондук куру ойнотулат. Бул чемпиондук беттешке чейин рейтингдик кармаштар орун алууда. Азырынча орун алган 7 беттештин баары 1-раундда жыйынтыкталды. Зал толо келген эл бар алын жумшап, спортчуларды катуу колдоп жатат. Күндүн негизги беттеши 75 килограмм салмакта Актилек Жумабек уулу менен Шах Бобонистин ортосунда болот.