Эр таймаш боюнча мелдештин жүрүшүндө кыргызстандык мушкер Кылычбек Саркарбаев грузиялык спортчуга жеңилип калды
Эр таймаш боюнча мелдештин жүрүшүндө кыргызстандык мушкер Кылычбек Саркарбаев 91 килограмм салмакта грузиялык спортчу Нодар Кудухашвилиге жеңилип калды. Спортчулар 2 раунддан турган айыгышкан кармаш көрсөтүштү. Беттештин жүрүшүндө Кылычбек Саркарбаев атаандашын мөөнөтүнөн мурда жеңүү аракетин кызуу көрүп жатты. Ал эми Нодар болгон күчүн кармашууга, ошол эле учурда упай алууга сарптады. 2 раунддун жыйынтыгында 3 калыстын бири жеңишти Кылычбек Саркарбаевге ыйгарса, калган эки калыс грузиялык спортчуну жеңүүчү деп тапты. Буга көптөгөн спорт сүйүүчүлөрү нааразы болуп, өз кезегинде сахнада 2 тараптуу мушташ уюштурганга жетишишти. Айрымдар жеңүүчү катары сыйлыгын алган Нодар Кудухашвилини 8 бурчтуктан чыгарбай камап турушту. Бирок калыстар чечиминен кайтышкан жок.
Автор: Максат КудайбердиевФото: Максат Кудайбердиев
антип жолун торогон туура эмес,беттешти калыстар чечет, утулганды да билиш керек,спортто 1 упай да женишке жеткизет же куру калтырат, озубузду озубуз жаман корсотуп жатабыз, Кылыч сага ийгилик!
+12
Oolokon
2014-12-03 23:08:13
Кылыч башынды бийик котор!!! Сен Чемпионсун!
+5
antiyjanin
2014-12-04 03:50:33
Бул деген спорт бирде утасын бирде утуласын дастойный болуш керек
+2
kama_future_millioner
2014-12-04 04:58:52
Кылыч мурда Казактарды атынан чыгат беле
0
Максат Кудайбердиев
2014-12-04 11:33:33
kama_future_millioner, жок, башынан эле Кыргызстандын атынан чыгып келет. Айрым клубдук мелдештерде казакстандык клубдун курамына кошулган жайы бар.
0
Beka1986
2014-12-04 05:43:43
А киспуруштар,андай кыбагыла да
0
stranik
2014-12-06 21:37:26
красаччик брат эштеке эмес Мухаммед - Умар алга
0
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.