Жети-Өгүз районунда "Хизбут-Тахрир" уюмунун өкүлдөрү кармалышты

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда "Хизбут-Тахрир" диний экстремисттик уюмунун өкүлдөрү кармалышты. Ички иштер министрлиги билдиргендей, ИИМдин 10-башкы башкармалыгы ыкчам иликтөө багытында бир катар иш-чараларды уюштуруп, жыйынтыгында аталган уюмдун идеяларын жайылтуу менен алектенген жарандарды колго түшүрүшкөн. Кармалган жарандардан экстремисттик мүнөздөгү китептер, диний-экстремисттик уюмдардын атрибуттары жана башка буюм-тайымдар алынган. Факт боюнча учурда тергөө иштери жүрүүдө. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
barsa1984
2014-12-04 08:54:19
Мындай көрүнүштөр жаңылык деле болбой баратат окшойт...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан