Ош шаарында бир нече соода түйүндөрүндөгү акча каражатын сактоочу темир сейфти тоногон жарандар кармалышты. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, кылмышка шектүү катары Баткен облусунун 1978-жылы туулган К.М. жана 1989-жылы туулган Э.Ж. аттуу жарандары кармалышты. Аталган жарандар Ош шаарынын аймагында 4 соода түйүнүнүн сейфин тоношкон. Анын жалпы чыгымы 200 миң сомдун тегерегин түзүүдө.
Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин натыйжасында кылмышка шектүүлөр Бишкек шаарындагы 10го жакын сейфти тоногону аныкталды. Камалгандарга карата 164-беренеси (уурдоо) боюнча кылмыш иши козголуп, алар убактылуу кармоочу жайга жайгаштырылды.