Кемин районунда катуу шамал катталып, мектептин чатырын учуруп кетти. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 4-декабрда билдирди.
Маалыматка караганда, катуу шамал кечээ, 3-декабрь күнү саат 14:30 чамасында аталган райондун Дүйшеев айыл аймагында катталган. Анын кесепетинен Дүйшеев айылындагы орто мектептин чатырын шамал учуруп кеткен. Учурда тактоо иштери жүрүүдө.