Бишкекте 5-12-декабрь аралыгында Улуттук китепканада жазуучу Чыңгыз Айтматовдун элесине арналган тогуз коргоол боюнча мелдеш өтөт. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.
Маалым болгондой, таймашка катышууну каалагандардын спорттук көрсөткүчү 1-даражадан кем болбошу керек, ал эми жаш курагы чектелбейт. Мелдешке катышууну каалагандар 5-декабрь күнү саат 16:30га чейин каттоодон өтүүгө тийиш. Тогуз коргоол федерациясынын мүчөлөрү 100 сомдон, мүчө эмес жарандар 600 сом төлөм менен таймашка катышууга мүмкүнчүлүк алат.