Бишкек-Ош унаа жолунун 421-чакырымындагы Беке-Чал дарыясынын жээгинде 40 тонналык күйүүчү май ташыган ДАФ үлгүсүндөгү унаа оодарылып кеткен. ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришкендей, унаанын 39 жаштагы айдоочусу М. уулу Т. эч кандай жаракат алган эмес. Бензин цистернадан агып баштап, Беке-Чал дарыясына агып кетүү коркунучу болгондугуна байланыштуу куткаруучулар анын үстүнө кум сээп турушкан. Ал эми, саат 20:00 чамасында күйүүчү май башка бензовозго сордурулуп алынды.