Казакстанда жол кырсыгынан казакстандык 1 жаран жаракат алып, 2 кыргызстандык жол кырсыгы болгон жерден каза тапты. Бул тууралуу бүгүн, 4-декабрда Казакстандагы маалымат каражаттары Облустук ички иштер департаментине шилтеме берүү менен жазып чыгышты. Маалым болгондой, жол кырсыгы 3-декабрда Алматы- Екатеринбург жол каттамынын 945-чакырымында орун алган.
Белгилүү болгондой, Муцубиси үлгүсүндөгү унааны башкарып бараткан 35 жаштагы кыргызстандык жаран жолдун каршы тилкесине чыгып, башка Мицубиси үлгүсүндөгү унаа менен бетме-бет кагылышкан. Анын кесепетинен кыргызстандык 35 жаштагы жана анын 20 жаштагы жүргүнчүсү окуя болгон жерден каза тапса, дагы бир жүргүнчүсү оор жаракаттарды алып, аймактык ооруканага жеткирилген. Ал эми экинчи унаанын айдоочусу эч кандай жаракат алган эмес, анын 35 жаштагы жүргүнчүсү оор жаракаттары менен ооруканага түштү.