Майлуу-Суу шаарынын мурдагы биринчи вице-мэринин иши тергелип бүтүп, сотко жөнөтүлдү

Майлуу-Суу шаарынын мэриясынын кызмат адамдарына козголгон кылмыш иши тергелип бүтүп, сотко жөнөтүлдү. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы бүгүн, 4-декабрда билдирди.

Маалыматка караганда, буга чейин Майлуу-Суу шаарынын биринчи вице-мэри О.М., Муниципалдык менчик башкармалыгынын жетекчиси К.А. жана Шаардык архитектура башкармалыгынын жетекчиси К.Ага “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Алар үстүбүздөгү жылдын 26-июлунда аукцион өткөрүшүп, мэриянын башкы эсепчиси Э.Ага 704 чарчы метр жер тилкесин мыйзамсыз сатышкан. Учурда иш тергелип бүтүп, сотко жөнөтүлдү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан