Ысык-Көлдө балык уулаганга кетип дайынсыз болуп жаткан жарандарды издөө иштери натыйжасыз болууда

Ысык-Көл районунда балык уулаганга чыгып кетишкен эки адамды 5 күндүк издөө иштери натыйжасыз болууда. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 4-декабрда билдирди.

Маалыматка ылайык, изделип жаткан жарандар 29-ноябрь күнү саат 15:00 чамасында кетишкен бойдон дайынсыз. Алардын бири - Чоң-Өрүктү айылынын 1966-жылы туулган тургуну Эмил Ашыров, ал эми экинчиси - 1967-жылы туулган Ишен Алмабеков. 

Эки жаранды издөө иштери 29-ноябрдан бери жүрүүдө, 3-декабрь күнү саат 17:45те караңгы кирип кеткендигине байланыштуу убактылуу токтотулган. Аларды издөө иштери бүгүн да улантылууда.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
jigit.paren
2014-12-04 17:43:45
ысыкколдон балык кармап жейбиз деп оздору балыктарга жем болгон экен да, жаман болуптур табылып калаар эми.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан