Чүй облусунда “экстремисттик материалдарды тараткан” деген шек менен 30 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 4-декабрда Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, аталган жаран “Хизбут-Тахрир” диний-экстремисттик уюмунун идеяларын Бишкек шаарынын аймагында көптөн бери таратып жүргөн. Учурда кылмышка шектүү кармалып, тергөө амалдары жүрүүдө.