Орусияда 6 кыргызстандык жаран чек ара мыйзамдарын бузганы үчүн кармалды. Бул тууралуу “Замандаш” ассоциациясынын басма сөз кызматы бүгүн, 4-декабрда билдирди.
Маалыматка караганда, учурда кыргызстандык жарандар Оренбург облусундагы чет элдик жарандарды кармоочу атайын жайда. Сот аларды айыптуу деп таап, Орусиянын аймагынан чыгаруу боюнча чечим чыгарган. Айта кетсек, акыркы 3 айда эле Оренбург облусунда 30 кыргызстандык жаран кармалып, сот аларды Орусиянын аймагынан күчкө салып чыгаруу чечимин кабыл алган.