Чүй облусундагы Жайыл райондук салык кызматынын бөлүм башчысына козголгон кылмыш иши токтотулду. Мамлекеттик салык кызматынын маалыматына таянсак, курамында кылмыштын далилдери жок болгондуктан, Чүй облустук прокуратурасы ишти жапкан. Эскерте кетсек, быйыл апрелде Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы аталган кызматкер тарабынан пара талап кылуу фактысы катталганын, бул боюнча иш козголгонун жарыялаган эле. 200 доллар менен кармалган салык кызматкери акчанын Жайыл райондук салык кызматынын бөлүм башчысына бериле турганын айтканы аныкталган. Бирок тергөөдө айтылган сөздөр далилденбегени маалымдалды.